“Глобалдуу акча жумалыгы-2025”: Улуттук банк менен жолугушуу

“Глобалдуу акча жумалыгы-2025”: Улуттук банк менен жолугушуу
11-апрель, 2025-жыл. STEM инновациялык колледжинде "Жаран таануу" предметинин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областык башкармалыктан өкүлдөр келишип, студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында "Глобалдуу акча жумалыгы-2025" компаниясынын алкагында семинар өтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук валюта-сомдун тарыхы, сакталышы жана финансылык сабаттуулук тууралуу маалыматтар берилди. Студенттер тарабынан кызыктуу суроолор көп болуп, иш-чара жандуу өттү. Берилген маалыматтар студенттердин турмушунда пайдасы тиет деген үмүттөбүз.Улуттук банктын өкүлдөрү Келдиев Нургазы Турдибаевичке жана Исманов Эрмек Марипжановичке ыраазычылык билдиребиз.

Photo gallery

More news

All news