Иш чаралар

STEM Week - Колледж

Ош МУнун 85-жылдыгына арналган “IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM” аттуу колледжибизде 2024 жылдын 3-апрелинде STEM WEEK жумалыгына арналган адистиктер арасындагы конкурс төмөнкү тартипте болуп өттү.

Жумалыктын экинчи күнүндө манас айтуу, бий менен коштолуп, Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүндөгү ТОРАТ, ЭС, РМТ, ЭТЭА адистиктери арасында конкурс өткөрүлдү.

1. Электр тогуна урулгандагы биринчи жардам көрсөтүү

Ар бир адистик электр тогун пайдалангандыктан, бул конкурс сунушталды.

2. Жол кыймылынын эрежелери боюнча

Ар бир адистик автоунаа пайдалангандыктан, бул конкурс дагы сунушталды.

3. Электр чынжырын туура туташтыруу боюнча

Электр менен байланышкан жумуштар үчүн бул конкурс өткөрүлдү.

Бул конкурста студенттер билимин, кыймыл-аракетин мыкты деңгээлде көрсөтүштү. Жыйынтыгында ЭТЭА – 1-орун, РМТ – 2-орун, ЭС жана ТОРАТ – 3-орундарды алышты. Конкурска активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты.

stem1 stem2 stem3 stem4 stem5 stem6 stem7 stem8 stem9 stem10 stem11 stem12


2021-жылдын 15-май күнү ОшМУда "Ачык эшик" болуп өттү. STEM инновациялык колледжинин Техникалык адистиктер циклы дагы көптөгөн макеттерди жасашты.

model1 model2 model3 model4 model5 model6 model7