2025-жылдын 24-апрель күнү Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Молдалиева Жазгүл Курманбековна,

Абдималик кызы Нуржан Илим жумалыгына карата 2-курс АСОИУ жана “Колдонмо информатика(тармактар боюнча)” адистиктеринде окуган студенттер үчүн «IT БРЕЙН-РИНГ» интелектуалдык таймашын уюштурушту.

Таймаш төмөндөгүдөй 5 этап менен өттү.

1-этап: Викторина

2-этап: Практикалык тапшырма

3-этап: CodeTime. Код жазуу

4-этап: Креативдүү тапшырма

5-этап: Программа түзүү

Жалпысынан конкурска 4 команда катышып, конкурстун жыйынтыгында калыстар тарабынан орундар аныкталып, командалар жана активдүү катышуучулар грамота жана белектер менен сыйланды.