ТЭКжКТТТ үчүн Компетенциялар жана алардын коддору
Компетенциялардын коддору.
| А) Универсалдык: | ||
| Жалпы илимий (ЖИК): | ||
| 1 | Айлана-чөйрө жөнүндөгү илимий билимдердин толук системине ээ, маданияттын, турмуш-тиричиликтин баалуулуктарында багыт аныктоого жөндөмдүү | ЖИК-1 |
| 2 | Кесиптик маселелерди чечүүдө математикалык / табигий / гуманитардык / экономикалык илимдердин негизги жоболорун колдонууга жөндөмдүү | ЖИК-2 |
| 3 | Өз-алдынча заманбап билим берүү жана маалымат технологияларын колдонуу менен жаңы билим алууга жөндөмдүү | ЖИК-3 |
| 4 | Илимдеги, техникадагы жана технологиялардагы, профессионалдык чөйрөдөгү жаңы кубулуштардын социалдык-экономикалык жана маданий бүтүмдөрүн талдоого жана баалоого жөндөмдүү | ЖИК-4 |
| 5 | Өзүнүн эмгегин илимий негизде баалоого жана өзүнүн иш-аракеттеринин жыйынтыгын жогорку даражадагы өз-алдынчалулуук менен баалоого жөндөмдүү | ЖИК-5 |
| Аспаптык (АК): | ||
| 1 | Маалыматты кабыл алууга, жалпылоого жана талдоого, максат коюуга жана ага жетүүнүн жолдорун тандоого жөндөмдүү | АК-1 |
| 2 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу сүйлөмдөрүн логикалык туура, аргументтүү жана ачык-айкын түзүүгө жөндөмдүү | АК-2 |
| 3 | Социалдык баарлашуу деңгелинде чет тилдердин бирөөсүнө ээ болуу | АК-3 |
| 4 | Маалыматты алуунун, сактоонун, кайра иштетүүнүн негизги усулдарына, ыкмаларына жана каражаттарына, маалымат башкаруунун каражаты катары компьютер менен, анын ичинде глобалдык компьютердик тармактарда жана корпоративдик маалыматтар системдеринде, иштөөнүн шыктарына ээ | АК-4 |
| 5 | Уюштуруу жана башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга катышууга жөндөмдүү | АК-5 |
| Социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК): | ||
| 1 | Коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук негизде социалдык өз-ара аракеттенишүүгө жөндөмдүү, элге сый, башка маданиятка толеранттуулук жана шериктештик мамилелерди колдоого даярдыкты көрсөтөт | СИЖМК-1 |
| 2 | Өзүнүн жетишкендигин жана жетишпегендигин сын көз менен кароону, жетишкендиктерин өнүктүрүү жана жетишпегендиктерин жоюуу жолдорун белгилөөнү жана каражаттарын табууну билет | СИЖМК-2 |
| 3 | Активдүү граждандык позицияда болууга, граждандык демократиялык коомдун баалуулуктарынын негизиндеги диалогго жөндөмдүү жана даяр | СИЖМК-3 |
| 4 | Сергек жашоо үлгүсүнө, табиятты коргоого жана ресурстарды рационалдуу колдонууга керек болгон билимдерин колдонууга жөндөмдүү | СИЖМК-4 |
| 5 | Коллективде, анын ичинде дисциплиналар аралык долбоорлордо иштөөгө жөндөмдүү | СИЖМК-5 |
| Б) Кесиптик (КК): | ||
| Өндүрүштүк-технологиялык ишмердүүлүк: | ||
| 1 | Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө боюнча жумуштарды аткарууга жөндөмдүү | КК-1 |
| 2 | Эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактардын иштөөсүн камсыздоого жана алардагы бузулууларды аныктоого жана жоюуга жөндөмдүү | КК-2 |
| 3 | Программалардын алгоритмдерин иштеп чыгуунун принциптери жөнүндөгү билимдерге ээ болуу | КК-3 |
| 4 | Программалоонун негизги ыкма, жол-жоболорун аныктоого жөндөмдүү | КК-4 |
| 5 | Эсептөө техникалары каражаттарын профилактикалык тейлөө жумуштарын жүргүзүүгө жөндөмдүү | КК-5 |
| 6 | Тармак админстраторунун функциялары жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-6 |
| 7 | Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды комплектөөнүн, конфигурациялоонун жана настройкалоонун ыкмаларын билүү жана ишке ашырууга жөндөмдүү | КК-7 |
| 8 | Тармакты көзөмөлдөө, күзөтүүгө жана админстрлөө функцияларын ишке ашырууга жөндөмдүү | КК-8 |
| 9 | Типтүү программалык жабдууларды орнотууга, көнүктүрүүгө, күзөтүүгө жана эксплуатациялоону жүргүзүүгө жөндөмдүү | КК-9 |
| 10 | Иштелип чыккан программалык жабдылыштарды орнотуу үчүн инсталяциялык пакеттерди түзүүгө жөндөмдүү | КК-10 |
| 11 | Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөөнү уюштуруу жана жүргүзүүнүн негизги методдору жонүндө билимдерге ээ болуу | КК-11 |
| 12 | Эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактардын техникалык абалын контролдоо жана бузулууларды аныктап текшерүүнүн, диагностикалоонун ыкма жана методдорун билет | КК-12 |
| 13 | Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды комплектөөнүн, конфигурациялоонун жана настройкалоонун ыкмалары жөнүндө билимдерге ээ | КК-13 |
| Уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүктөрү: | ||
| 14 | Колдонуудагы нормативдик документтерге туура келген техникалык документацияларды колдонуу жана жасоого жөндөмдүү | КК-14 |
| 15 | Түзүлүштөрдү, жабдыктарды жана өлчөө каражаттарын тандоо үчүн нормативдик жана маалымат берүүчү булактарды колдоно билүүгө жөндөмдүү | КК-15 |
| 16 | Өндүрүштүк ишмердүүлүктүн негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн эсептөөгө жана алардын эффективдүүлүгүн баалоого жөндөмдүү | КК-16 |
| 17 | Коопсуздук техникаларынын абалын анализдөө жана баалоого жөндөмдүү | КК-17 |
| 18 | Операциялык система жана сервистик каражаттардын составы жана иштөө принциптери жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-18 |
| 19 | Маалыматтар базасы, алардын моделдери, берилгендерди манипуляциялоо ыкмалары жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-19 |
| 20 | Микропроцессордук системалардын составы, арналыштары, мүнөздөмөлөрү жана функциялары жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-20 |
| 21 | Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды иштөө режимдери жана эксплуатациялоо эрежелери жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-21 |
| 22 | Перифериялык түзүлүштөрдүн классификациялары, кураштыруу принциптери, иш-аракеттеринин физикалык негиздери жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-22 |
| 23 | Эсептөө техникалары каражаттарын энергия булактарынын көрсөткүчтөрү, аракеттенүү принциптери жана параметрлери жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-23 |
| 24 | Колдонуудагы нормативдик документациялардын негизги жоболору жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-24 |
| 25 | Өндүрүштүк мекеменин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана аларды башкаруунун негиздерине ээ | КК-25 |
| 26 | Өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктө негизги көрсөткүчтөрдү аныктоого жөндөмдүү | КК-26 |
| 27 | Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугунун эрежелери жана нормалары жөнүндө билимдерге ээ болуу | КК-27 |
2.9. ЖОЖ тарабынан толукталган компетенциялар
| 6 | Компьютердик технологиялардын өнүгүү тенденцияларына жана базар экономикасынын талаптарына ылайык өз алдынча кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүүгө жөндөмдүү (ЖИК-6) | ЖИК-6 |
| 28 | Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөөдө, ремонттоодо, каталарды жоюуда жана ишке кийирүүдө аппараттык-программалык камсыздандырууну оптималдуу жана туура жүргүзүүгө жөндөмдүү (КК-28) | КК-28 |